Положение о Конкурсе в рамках проекта

«Школа молодого переводчика Россия-Кыргызстан 2026»

Читать на Кыргызском языке

«Жаш котормочу мектеби Россия-Кыргызстан 2026» долбоорунун алкагындагы Сынак жөнүндө Жобо

1. Жалпы жоболор

1.1. «Жаш котормочу мектеби Россия-Кыргызстан 2026» долбоорунун алкагындагы Сынакты өткөрүү жөнүндөгү ушул Жобо (мындан ары – Сынак) Сынактын максат-милдеттерин, катышуу шарттарын, сынактык иштерге коюлган талаптарды, баалоо критерийлерин, Сынакты өткөрүү тартибин, жеңүүчүлөрдү сыйлоо тартибин аныктайт жана сынактык иш-чаралар аяктаганга чейин күчүндө болот.

1.2. Сынакты уюштуруучу – Котормо институту (мындан ары – Уюштуруучу).

1.3. Уюштуруучу жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Сынактын кесипкөй көз карандысыз калыстар тобун түзөт.

2. Сынактын максаттары жана милдеттери

2.1. Көркөм котормо практикасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

2.2. Орус жана кыргыз тилдерин үйрөнүүнү шарттоо.

2.3. Орус жана кыргыз тилдеринде жазылган адабий чыгармалардын котормолорун илгерилетүү.

2.4. Россия менен Кыргызстандын учурдагы адабий процессинде котормочулар менен басмаканалардын кесиптик көз карашын кеңейтүүгө түрткү берүү.

2.5. Россия менен Кыргызстандын ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө көмөктөшүү.

3. Сынакка катышуу шарттары

3.1. Сынакка 18 жаштан 35 жашка чейинки, орус тилинен кыргыз тилине, кыргыз тилинен орус тилине көркөм проза жана нон-фикшн которуу тажрыйбасын жаңы баштаган же буга чейин бул багытта тажрыйбасы болгон бардык котормочулар катыша алышат.

3.2. Арыздар Уюштуруучунун https://institutperevoda.ru/translate-school/15327/register/ сайтынын атайын баракчасына жайгаштырылган электрондук форма аркылуу гана кабыл алынат.

Көңүл буруңуздар! Арыз Уюштуруучунун ырастоочу каты алынгандан кийин гана кабыл алынган деп эсептелет.

3.3. Орусиялык жана Кыргызстандык авторлордун которууга сунушталган тексттери Сынактын сайтында жайгаштырылган.

3.4. Катышуучу которуу үчүн тандалган текстти шилтеме аркылуу өз алдынча жүктөп алат.

3.5. Сынакка өзү тарабынан аткарылган котормо иштерине гана катышууга жол берилет. Эгерде жасалмалык жана/же автордук укук бузулгандыгы аныкталса, укук бузуучу тарабынан берилген бардык иштер Сынактан алынып салынат. Укук бузуучуга мындан ары Сынакка катышууга жол берилбейт. Бул маселе боюнча чечим Сынактын Уюштуруучусу тарабынан кабыл алат.

3.6. Сынакка мурда орус жана кыргыз тилдеринде жарыяланбаган котормолор гана кабыл алынат.

4. Сынакты өткөрүү мөөнөттөрү

4.1. Сынакка катышууга арыздарды кабыл алуу 2026-жылдын 24-мартынан 16-апрелине чейин жүргүзүлөт.

4.2. Котормолорду кабыл алуу 2026-жылдын 20-апрелинде бүтөт.

4.3. Сынактын жеңүүчүлөрү (милдеттүү түрдө тандалган үзүндүнүн мыкты котормосун сунуштаган кыргыз тараптан 5 катышуучу жана орус тараптан 5 катышуучу) калыстар тобу тарабынан аныкталган жыйынтык боюнча 2026-жылдын 27-апрелинен кечиктирилбестен аныкталат.

5. Сынактык материалдарды сунуштоо тартиби

5.1. Сынактын материалдары Сынактын сайтындагы Жеке кабинетте электрондук түрдө сунушталат.

5.2. Сынакка катышуу боюнча арыз төмөнкүлөрдү камтыйт:

  • катышуучунун толтурулган анкетасы, сүрөтү жана керектүү байланыш маалыматтары так көрсөтүлгөн орус жана улуттук тилдердеги резюмеси (Кыргызстандык катышуучулар үчүн);
  • катышуучунун котормо ишин жана өзү жөнүндө кыскача маалыматты Сынактын жыйынтыгы боюнча сайтка/басылмага жайгаштырууга, ошондой эле зарыл болгон учурда котормону өркүндөтүү боюнча редактор менен иштөөгө макулдугу.

5.3. Которулган текстти жазып-каттоого коюлган талаптар:

  • котормо электрондук түрдө (.doc жана .docx форматтарында) кабыл алынат;
  • Times New Roman шрифтин кеминде 12 пт. колдонуу сунушталат.

5.4. Котормолор Сынактын сайтында атайын форманын жардамы менен кабыл алынат. https://institutperevoda.ru/translate-school/15327/

5.5. Эгерде Сынакка катышууга арыз жана/же котормо иши белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылса же Сынактын талаптарына ылайык жасалбаса, талапкерге Сынакка катышуу укугунан баш тартылышы мүмкүн.

5.6. Уюштуруучу 3 жумушчу күндүн ичинде материалдардын толуктугун жана жазып-каттоо сапатын текшерип, ушул Жобонун бардык талаптарын так аткарган катышуучулардын котормосунун Сынакка катышууга кабыл алынганы же зарыл болгон кошумча маалыматты сунуштоо мөөнөттөрү тууралуу кабардар кылат.

5.7. Сынакка сунушталган котормолорго рецензия берилбейт.

6. Сынактык иштерди баалоо критерийлери:

  • котормонун стилистикалык сабаттуулугу;
  • чыгарманын семантикалык түзүлүшүнүн сакталышы;
  • котормочулук ыкмалардын ар түрдүүлүгү;
  • котормонун стили жана көркөмдүк каныккандыгы, адабий-көркөм каражаттарынын колдонулушу;
  • грамматикалык, стилистикалык, лексикалык жана башка каталардын жоктугу.

7. Жыйынтыкты чыгаруу жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо

7.1. Жеңүүчүлөр калыстар тобунун чечиминин негизинде аныкталат.

7.2. Сынактын жыйынтыгы боюнча 10 жеңүүчү аныкталат (Россиядан 5 жана Кыргызстандан 5).

7.3. Уюштуруучу жана Сынактын калыстар тобу катышуучуларды сыйлоого байланыштуу өзгөчө чечим, бул чечимди так негиздеп, кабыл алышы мүмкүн.

7.4. Сынактын жыйынтыктары Котормо институтунун сайтында жарыяланат.

7.5. Сынактын жеңүүчүлөрү 2026-жылдын 1-июнунан 7-июнуна чейин Москва шаарында өтө турган Жаш котормочу мектебинде окууга грант алышат (жол кире, жатакана, тамактануу, окуу).

7.6. Жаш котормочу мектебине катышууга даярдык көрүүнүн алкагында жеңүүчү Уюштуруучудан котормо боюнча жаңы тапшырма алат, ал тапшырманы Жаш котормочу мектептебиндеги сабактар башталганга чейин бүтүрүшү керек.

7.7. Уюштуруучу сынактын жыйынтыктары тууралуу ар бир жеңүүчүнү электрондук почта жана/же телефон байланышы аркылуу кабарлайт.

7.8. Жеңүүчү өз котормосун адистештирилген электрондук ММКда журналдык же китептик басылма катары жарыялоо мүмкүнчүлүгүн алат.

7.9. Сынактын жыйынтыктары тууралуу маалымат «Жаш котормочу мектеби Россия-Кыргызстан 2026» сынагынын катышуучуларынын өлкөлөрүнүн ММКсына жеткирилет.

8. Укуктук маалымат

8.1. Чыгармалардын котормолоруна автордук укук котормочуларга таандык.

8.2. Катышуучулар Сынакка өз котормолорун жөнөтүү менен, Уюштуруучуга жана расмий Өнөктөштөргө жөнөтүлгөн котормо иштерди толук же жарым-жартылай түрдө, котормочун аты-жөнү (Катышуучу жөнөткөн иште көрсөткөн форматта) чыгарманын жанына көрсөтүлгөн же чыгарманы окуганга чейин же андан кийин айтылган шартта, коммерциялык жана коммерциялык эмес бардык басылмаларда (Интернет-сайттарда, басма сөздө, электрондук басылмаларда жана ачык каттарда, маалыматтык жана башка жөнөтмөлөрдө) жана теле-радио берүүлөрдүн эфиринде, башка маалымат каражаттарында акысыз жарыялоого айрыкча укук бербеген укукту беришет.

8.3. Уюштуруучу арыздарды жөнөтүү жана алуу учурунда пайда болгон компьютердик системалардагы, жабдуулардагы, программалык камсыздоодогу, тармактык программалардагы каталар жана башка ар кандай каталар, адам же техникалык факторлор кесепетинен болгон үзгүлтүктөр, ар кандай мүнөздөгү кемчиликтер үчүн жоопкерчилик тартпайт.

8.4. Сынакка иштерди жөнөтүү катышуучунун ушул Жобо менен таанышканын жана Сынакты өткөрүү тартиби менен шарттарын сактоого макулдугун ырастайт.

1. Общие положения

1.1. Настоящее Положение о проведении Конкурса в рамках проекта «Школа молодого переводчика Россия-Кыргызстан 2026» (далее – Конкурс) определяет цели и задачи Конкурса, условия участия, требования к предъявляемым конкурсным работам, критерии оценки, порядок проведения Конкурса, порядок награждения победителей и действует до завершения конкурсных мероприятий.

1.2. Организатором Конкурса является Институт перевода (далее – Организатор).

1.3. Организатор формирует профессиональное независимое жюри Конкурса для определения победителей.

2. Цели и задачи конкурса

2.1. Способствовать развитию практики литературного перевода.

2.2. Стимулировать изучение русского и кыргызского языков.

2.3. Продвигать переводы литературных произведений, написанных на русском и кыргызском языках.

2.4. Поощрять расширение профессионального кругозора переводчиков и издателей в сфере современного литературного процесса в России и Кыргызстана.

2.5. Содействовать укреплению и развитию культурных связей между Россией и Кыргызстаном.

3. Условия участия в конкурсе

3.1. Участвовать в Конкурсе может любой переводчик в возрасте от 18 до 35 лет, как начинающий, так и имеющий опыт переводов художественной прозы и нон-фикшн с русского на кыргызский язык, с кыргызского на русский язык.

3.2. Прием заявок осуществляется только через электронную форму, размещенную на специальной странице сайта Организатора https://institutperevoda.ru/translate-school/15327/register/

Внимание! Заявка считается принятой только после получения подтверждающего письма от Организатора.

3.3. Тексты российских и кыргызских авторов для перевода размещены на сайте Конкурса.

3.4. Участник самостоятельно скачивает выбранный текст для перевода по ссылке.

3.5 К участию в конкурсе допускаются переводы, выполненные лично заявителем. В случае установления факта подлога и/или нарушения авторских прав, все работы, представленные нарушителем, удаляются с Конкурса. Нарушитель к дальнейшему участию в Конкурсе не допускается. Решение по данному вопросу принимается Организатором Конкурса.

3.6 К участию принимаются переводы, ранее не публиковавшиеся на русском и кыргызском языках.

4. Сроки проведения конкурса

4.1. Прием заявок на участие в Конкурсе проходит с 24 марта по 16 апреля 2026 года включительно.

4.2. Прием переводов заканчивается 20 апреля 2026 года.

4.3. Победители Конкурса (5 участников с кыргызской стороны и 5 участников с российской стороны, предложившие лучший перевод обязательного отрывка) будут определены по итогам работы жюри не позднее 27 апреля 2026 года.

5. Порядок предоставления конкурсных материалов

5.1. Материалы конкурса предоставляются в электронном виде в Личном кабинете на сайте Конкурса.

5.2. Заявка на участие включает в себя:

  • заполненную анкету участника, резюме на русском и национальном языках (для участников из Кыргызстана) с фотографией и указанием необходимых контактных данных.
  • согласие участника на размещение его перевода и краткой информации о себе на сайте/в издании по результатам Конкурса, а также на случай необходимости работы с редактором по совершенствованию перевода.

5.3. Требования к оформлению работ.

  • перевод принимается в электронном виде (в форматах .doc и .docx);
  • рекомендуется использовать шрифт Times New Roman не менее 12 пт.

5.4. Переводы принимаются на сайте Конкурса с помощью специальной формы. https://institutperevoda.ru/translate-school/15327/

5.5. Претенденту может быть отказано в праве участвовать в конкурсе, если заявка на участие в конкурсе и/или перевод поданы позже установленного срока или оформлены не в соответствии с требованиями Конкурса.

5.6. Организатор в течение 3 рабочих дней проверяет полноту и качество оформления материалов и уведомляет потенциальных участников, выполнивших все требования настоящего Положения, о принятии перевода для участия в Конкурсе или о сроках предоставления необходимой дополнительной информации.

5.7. Переводы, представленные на Конкурс, не рецензируются.

6. Критерии оценки конкурсных работ:

  • стилистическая грамотность перевода;
  • сохранение семантической структуры произведения;
  • разнообразие переводческих приемов;
  • стиль и художественная насыщенность перевода, наличие художественно-выразительных средств;
  • отсутствие грамматических, стилистических, лексических и прочих ошибок.

7. Подведение итогов и награждение победителей

7.1. Победители определяются на основе решения жюри.

7.2. По итогам конкурса устанавливается 10 победителей (5 из России и 5 из Кыргызстана).

7.3. Организатор и жюри конкурса могут принять особое решение, касающееся поощрения участников, с соответствующим обоснованием этого решения.

7.4. Результаты конкурса будут опубликованы на сайте Института перевода.

7.5. Победители Конкурса получат грант на прохождение обучения в Школе молодого переводчика (проезд, проживание, питание, обучение), которая пройдет с 1 по 7 июня 2026 года в Москве.

7.6. В рамках подготовки к участию в Школе молодого переводчика победитель получает от Организатора новое переводческое задание, работа над которым должна быть окончена в черновом варианте к началу занятий в Школе.

7.7. Организатор уведомит о результатах конкурса каждого победителя посредством электронной почты и/или телефонной связи.

7.8. Победитель получит возможность журнальной или книжной публикации своего перевода в специализированных электронных СМИ.

7.9. Информация о результатах конкурса будет доведена до СМИ стран-участниц конкурса «Школа молодого переводчика Россия-Кыргызстан 2026».

8. Правовая информация

8.1. Авторские права на переводы произведений принадлежат переводчикам.

8.2. Присылая на Конкурс работы, Участники предоставляют Организатору Конкурса и официальным Партнерам неэксклюзивное право на безвозмездную публикацию присланных работ в полной или частичной форме на любых коммерческих и некоммерческих изданиях (Интернет-сайтах, в печатных и электронных изданиях и открытках, в информационных и других рассылках), использование в эфире теле- и радиостанций и других средствах информации при условии указания рядом с размещаемой работой или озвучивании до или после прочтения произведения ФИО переводчика (в формате, указанном Участником в присланной работе).

8.3. Организатор не несет ответственности за возникшие при передаче и получении заявок ошибки в компьютерных системах, оборудовании, программном обеспечении, сетевых программах и другие ошибки, сбои и неполадки любого рода, причиной которых стал человеческий или технический фактор.

8.4. Отправка работ на Конкурс является подтверждением, что участник ознакомлен с данным Положением и согласен соблюдать порядок и условия проведения Конкурса.