Михаил Булгаков

Михаил Булгаков
Имя на русском языке: Михаил Булгаков
Информация об авторе:
Читать на Кыргызском языке

Михаил Булгаков (1891–1940) — совет доорундагы орус жазуучусу, дарыгер, драматург, театр режиссёру жана актёр. Булгаковга жазуучу катары зиректик жана фантазиясынын чагылгандай тездиги, прозасынын ыргактуулугу, кызыктуу сюжет түзө билүүсү жана ошол эле учурда көркөм чындыктан тайбоо мүнөзүдүү. Мына ушул касиеттер аны XX кылымдын эң популярдуу жазуучуларынын бирине айланткан.

Булгаковдун сатирасына реалдуулук, тарыхый жана психологиялык тактык мүнөздүү; анда убакыт, шаарлар жана адамдар бири-бири менен жандуу жана ишенимдүү айкалышкан.

Булгаковдун эң белгилүү чыгармалары: «Иттин жүрөгү», «Ак гвардия», «Жаш дарыгердин жазуулары», «Театр романы», «Каргашалуу жумурткалар» (Роковые яйца) «Шайтан» жана жазуучуга дүйнөлүк атак-даңк алып келген, Россияда жана башка өлкөлөрдө көп ирет экрандаштырылган жана сахналаштырылган — «Устат жана Маргарита» романы.

«Мастер жана Маргарита» романында Булгаков үчүн эң маанилүү болгон мотивдер жана стилистикалык изденүүлөрү: демейки көрүнүштөрдү ирониялуу кабылдоо, фантастика менен күнүмдүк турмуштун айкалышы, сатиралык гротеск, жаратман менен доордун ортосундагы карама-каршылык уланган жана жыйынтыкталган. Романдын бардык элементтери көп кырдуу чечмелөөгө ээ.

Британ энциклопедиясы бул романды XX кылымдын шедеври катары тааныган: «курч жана эркин жазылган бул роман, ошол эле учурда жакшылык менен жамандыктын орчундуу жана түбөлүктүү маселелерин козгогон маанилүү философиялык чыгарма … XX кылымдагы орус адабиятынын эң мыкты жетишкендиктеринин бири».

Михаил Булгаков (1891-1940) - русский писатель советского периода, врач, драматург, театральный режиссёр и актёр. Булгакову как писателю присущи остроумие и блеск фантазии, стремительность «быстрой» прозы, умение создать занимательный сюжет и в то же время не изменить художественной правде, сделавшие его одним из самых популярных писателей XX века. Для сатиры Булгакова характерна реалистичность, историческая и психологическая достоверность, в ней живописно и убедительно соединены время, города и люди. Самые известные произведения Булгакова: «Собачье сердце», «Белая гвардия», «Записки юного врача», «Театральный роман» («Записки покойника»), «Роковые яйца», «Дьяволиада» и роман, принёсший писателю мировую известность, — «Мастер и Маргарита», многократно экранизированный и инсценированный как в России, так и в других странах. В «Мастере и Маргарите» получили продолжение и завершились важнейшие для Булгакова мотивы и стилистические искания: ироническое остранение обыденного, сочетание фантастики и обыденности, сатирический гротеск, конфликт творца и эпохи. Все элементы романа поддаются вариативной интерпретации. «Британская энциклопедия» признаёт роман шедевром XX века: «остроумный и фривольный, роман в то же время является проникновенным философским произведением, в котором затрагиваются глубокие и вечные проблемы добра и зла… признан одним из лучших достижений русской литературы XX века».